КРИОФИТТЕР
КРИОФИТТЕР (крио... жана гр. phyton – өсүмдүк) – суукка чыдамдуу өсүмдүктөр. Алар тундранын, альпы шалбааларынын, бийик тоодогу шагыл, таш, аска өсүмдүктөрүнүн негизин түзөт. К-ге бийик тоолуу Памирде, Теңир-Тоодо, Тибетте жана муздак чөлдөгү жаздык сымал өсүмдүктөр да кирет, к. Жер жаздыктар.