КРИОТЕРАПИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОТЕРАПИ́Я (крио... жана терапия) – музда­туу менен дарылоо. Мында төмөнкү темп-ра менен ткань, орган же бүт организм муздатылат. Да­рылоо максатында илгертен ооруган жерге муз же сууланган чүпүрөк басышкан. Медицинада тоңдурбай мелүүн муздатуу сезгенген кезде жана ооруну басаңдатуу, кан токтотуу, шишикти та­ратуу максатында колдонулат. К-нын таасири­нен кан тамырлар тарып, кандын келиши жана муздаган жерде зат алмашуу төмөндөйт. Муз­дакты өт баштыкчасы, карын, уйку бези сез­генгенде, урунганда, о. эле өпкөдөн, мурундан, ичеги-карындан кан кеткенде ал жерге басат же муздак суюктук жуткурат. Кыска мөөнөттүү опе­рацияда хлорэтилди чачыратып, ткандарды тоң­дуруп, алардын сезгичтигин жоготот.