КРИОТЕРАПИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОТЕРАПИ́Я (крио... жана терапия) – музда­туу менен дарылоо. Мында төмөнкү температура менен ткань, орган же бүт организм муздатылат. Да­рылоо максатында илгертен ооруган жерге муз же сууланган чүпүрөк басышкан. Медицинада тоңдурбай мелүүн муздатуу сезгенген кезде жана ооруну басаңдатуу, кан токтотуу, шишикти та­ратуу максатында колдонулат. Криотерапиянын таасири­нен кан тамырлар тарып, кандын келиши жана муздаган жерде зат алмашуу төмөндөйт. Муз­дакты өт баштыкчасы, карын, уйку бези сез­генгенде, урунганда, ошонрдой эле өпкөдөн, мурундан, ичеги-карындан кан кеткенде ал жерге басат же муздак суюктук жуткурат. Кыска мөөнөттүү опе­рацияда хлорэтилди чачыратып, ткандарды тоң­дуруп, алардын сезгичтигин жоготот.