КРИОГЕН МАШИНАСЫ
КРИОГЕ́Н МАШИНАСЫ – криоген темп-расын, б. а. 120 Кден төмөнкү темп-раны алуу жана пайдалануу техникасы. К. м. негизинен газды суюктукка айландырат (азот, кычкылтек, гелий ж. б.), ошол абалда сактайт жана керектүү жерге ташыйт; газ аралашмасын жана изотопторду төмөнкү темп-рада бөлөт (мис., абадан таза азот, кычкылтек жана аргонду алуу); 120 Кден төмөнкү темп-раны кармап туруучу криорефрижераторлордо (муздаткыч машиналар) пайдаланылат; жогорку өткөрүмдүү жана электр-тех. түзүлмөлөрдү (магнит, соленоид, трансформатор, электр машиналарын жана кабелди, ЭЭМ түйүндөрүн, гироскоп ж. б. ), электр приборлорун (кванттык күчөткүч жана генератор, инфракызыл нурларды кабылдоочтор ж. б.), биол. объектилерди криогендик темп-рада кармайт, жөнгө салат; криогендик темп-рада ил. изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жабдык жана аппаратураларды иштеп чыгууда колдонулат.