КРИОГЕН МАШИНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОГЕ́Н МАШИНАСЫ – криоген темп-расын, б. а. 120 Кден төмөнкү темп-раны алуу жана пай­далануу техникасы. К. м. негизинен газды суюк­тукка айландырат (азот, кычкылтек, гелий ж. б.), ошол абалда сактайт жана керектүү жерге ташыйт; газ аралашмасын жана изотопторду төмөнкү темп-рада бөлөт (мис., абадан таза азот, кычкылтек жана аргонду алуу); 120 Кден төмөнкү темп-раны кармап туруучу криорефрижератор­лордо (муздаткыч машиналар) пайдаланылат; жогорку өткөрүмдүү жана электр-тех. түзүлмө­лөрдү (магнит, соленоид, трансформатор, электр машиналарын жана кабелди, ЭЭМ түйүндөрүн, ги­роскоп ж. б. ), электр приборлорун (кванттык күчөткүч жана генератор, инфра­кызыл нурлар­ды кабылдоочтор ж. б.), биол. объектилерди криогендик темп-рада кармайт, жөнгө салат; криогендик темп-рада ил. изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жабдык жана аппаратураларды иштеп чы­гууда колдонулат.