КРИЗИСТИК БАСЫМ
КРИЗИСТИК БАСЫМ , к р и т и к а л ы к б ас ы м – заттын же зат аралашмасынын кризистик абалдагы басымы. Таза заттар К. б-дан төмөнкү басымда тең салмактуу суюк жана буу фазаларына бөлүнөт. К. б-да бул эки фазанын ортосундагы айырма жоюлуп, зат өзгөчө бир тектүү абалга өтөт. Бул К. б. тең салмактагы суюктуктун жана буунун чектик басымы, б. а. К. б. заттын физ. мүнөздөмөсү болуп саналат. Аралашмаларда К. б. анын курамына көз каранды. Таза зат үчүн К. б. бир гана мааниге (чекитке) ээ. Ал эми аралашмаларда К. б. чекиттер системасын түзөт, б. а. аралашма үчүн К. б. сызык менен мүнөздөлөт. Бул сызыктын ар бир чекити К. б-га, кризистик темп-рага, көлөмгө жана кризистик курамга ээ болот.