КРИВОЩЁКОВ
КРИВОЩЁКОВ Алексей Александрович [19. 03. 1907, Россия империясы, Том губерниясы, Новониколаевск (азыркы Новосибирск) шаары – 19. 02. 1945, Венгрия, Будапешт] – Советтер
Союзунун Баатыры (20. 12. 1943). Калуга курулуш техникумун (1929), Новосибирск курулуш институтун (1932) бүткөн. 1936-жылдан Ак-Түз кенинде (Кемин району) иштеп, Кызыл Армиянын катарына Кант райондук (Фрунзе облусу) аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы августта чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Талаа фронтундагы 37-армиянын 1-механикалаштырган корпусуна караштуу 19-механикалык бригадасынын инженердик мина ротасында взвод командири. Белгород,

Харьков, Полтава шаарларын душмандан бошотушкан. Кременчуг шаары (Украина) аркылуу Днепрден өтүүдө А. А. Кривощековдун взводу 2315 минаны зыянсыздандырып, бөтөнчө эрдик көрсөткөн. Согуштук тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, көрсөткөн күжүрмөн эрдиги жана кайраттуулугу үчүн 1943-жылы 20-декабрда ага Советтер Союзунун Баатыры (№3 559) наамы ыйгарылган. Кенже лейтенант А. А. Кривощеков душмандын абадан жасаган чабуулу учурунда 1945-жылы 19-февралда курман болуп, сөөгү алгач Зольдин (Германия) кыштагы, кийин Мыслибуж шаарына (Польша) коюлган. Ленин, Кызыл Туу, 2 жолу Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. А. А. Кривощековдун ысмы өзү кызмат өтөгөн бөлүктүн тизмесине түбөлүккө жазылган.