КРЕМНИЙ КАРБИДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕ́МНИЙ КАРБИДИ , к а р б о р у н д, SiС – кремний менен көмүртектин бирикмеси, техника­да колдонулган эң керектүү карбиддердин бири.
Таза түрүндө К. к. – түссүз, алмаздай жалтыра­ган кристаллдар. Катуулугу б-ча алмаз менен бор карбидинен кийинки 3-орунда турат. К. к. жа­шыл же кара көк түстө, 2830°Сде эрийт. Таза­ланбаган К. к. жарым өткөргүч касиетке ээ. К. к-не HNО3 менен HF к-таларынын аралашмасы жана Н3РО4 230°Сде хлор газы 400–600°Сде таа­сир этет. Кычкылтектин агымында 800°Сде ок­сидге өтө баштайт. Эритилген щелочтор менен аба чөйрөсүндө реакцияга кирет. SiС + 2КОН + 2О2= =К2SiO3+ Н2О + СО2. К. к-не Nа2О2 менен таасир эткенде натрийдин силикаты жана карбонаты пайда болот. Ве тобундагы металлдардын ок­сиддери 1000°Сде, оор металл оксиддери 1300– 1370°Сде К. к-н ажыратат. К. к. электр меште 2000–2200°Сде кварц кумун, кокска аралашты­рып, жогорку темп-рада ысытуудан алынат: SiO2+2С=Si+2СО; Si+С=SiС. Ө. ж-да өтө чыдам­дуу буюмдар жана жарым өткөргүч катарында, о. эле электр мештердин ысытуучу жана куру­луш материалдары катары колдонулат.