КРЕМНИЙ КАРБИДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕ́МНИЙ КАРБИДИ , к а р б о р у н д, SiС –кремний менен көмүртектин бирикмеси, техника­да колдонулган эң керектүү карбиддердин бири. Таза түрүндө кремний карбиди – түссүз, алмаздай жалтыра­ган кристаллдар. Катуулугу боюнча алмаз менен бор карбидинен кийинки 3-орунда турат. Ккремний карбиди жа­шыл же кара көк түстө, 2830°Сде эрийт. Таза­ланбаган кремний карбиди жарым өткөргүч касиетке ээ. Кремний карбидине HNО3 менен HF кислотаталарынын аралашмасы жана Н3РО4 230°Сде хлор газы 400–600°Сде таа­сир этет. Кычкылтектин агымында 800°Сде ок­сидге өтө баштайт. Эритилген щелочтор менен аба чөйрөсүндө реакцияга кирет. SiС + 2КОН + 2О22SiO3+ Н2О + СО2. Кремний карбидине Nа2О2 менен таасир эткенде натрийдин силикаты жана карбонаты пайда болот. Ве тобундагы металлдардын ок­сиддери 1000°Сде, оор металл оксиддери 1300–1370°Сде кремний карбидин ажыратат. Кремний карбиди электр меште 2000–2200°Сде кварц кумун, кокска аралашты­рып, жогорку температурада ысытуудан алынат: SiO2+2С=Si+2СО; Si+С=SiС. Өнөр жайда өтө чыдам­дуу буюмдар жана жарым өткөргүч катарында,ошондой эле электр мештердин ысытуучу жана куру­луш материалдары катары колдонулат.