КРЕЗОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕЗО́Л , м е т и л ф е н о л д о р, СН5– С6Н4– ОН – жагымсыз жыттуу суюктук. Мол. салмагы 108,14, үч изомери бар: орто-, мета­жана пара-. Бул изо­мерлердин бардыгы кадимки орг. эриткичтерде жакшы эришет. К. фенол сыяктуу начар кис­лоталык касиетке ээ; жегичтер менен крезолят деп аталган туздарды пайда кылат. Электрофилдик орун алмашуу реакцияларына (галогендөө, нитрлөө, сульфирлөө жана конденсация) кирет.
Ө. ж-да таш көмүр чайырынын К-дук фракция­сынан алынат. Ал таш көмүрдү кокстоодо күйүү­чү сланецтерди ысытканда жана жыгачты пиро­лиздегенде пайда болгон сульфокислотасынан же толуидиндерден алынат. К. крезолальдегид чайырын, дезинфекциялоочу каражаттарды, боё- гучтарды, дары-дармектерди, жарылгыч заттар­ды, гербициддерди өндүрүүчү сырьё болуп сана­лат. К. дем алуу органдарынын жука катмар­ларын дүүлүктүрөт.