КРЕДИТ КЕЛИШИМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕДИ́Т КЕЛИШИМИ – банк же кредит уюму менен заёмчунун (юрид. жактын жана жеке адам­дын) ортосунда кредит алуу б-ча түзүлгөн кели­шим. Ал б-ча кредит берген жак (кредитор) ке­лишимде каралган шарттар б-ча кандайдыр бир акча каражатын берүү, ал эми кредит алган тарап (заёмчу) өз убагында тийиштүү акча каражатын үстөгү менен кайтаруу милдетте­рин алат. К. к. – заём келишиминин бир түрү.
К. к-нин маңызын заттар эмес, акча гана түзөт. Көпчүлүк кредит берүү накталай эмес түрдө бо­луп, кредит мамилелеринин өзөгүн талап кы­луу укуктарын аткарат. К. к. ар дайым кайта­рым мүнөзгө ээ. Кредиторго кредиттин акысы катары берилген сумманын проценти эсептелет. Проценттин өлчөмү келишим б-ча аныкталат да, аны төлөө келишим мөөнөтүнө көз каранды жана К. к-нде сөзсүз түрдө көрсөтүлөт. Келишим жазуу түрүндө катталат. Мындай форманы кол­донбоо К. к-н жокко чыгарат. Көбүнчө кредит берген уюмдар зайымчыга кошулуу келишими болгон келишимдин типтүү формаларын кол­донот. Кредит багытын ачканда милдеттен­дирүүчү банк келишим б-ча коюлган лимиттин негизинде каражатты бир нече жолу берет жана кредит берүүнүн жалпы шарттарын камтыган генералдык келишим түзүшү ыктымал.