КРЕДИТ КЕЛИШИМИ
КРЕДИ́Т КЕЛИШИМИ – банк же кредит уюму
менен заёмчунун (юрид. жактын жана жеке адамдын) ортосунда кредит алуу б-ча түзүлгөн келишим. Ал б-ча кредит берген жак (кредитор) келишимде каралган шарттар б-ча кандайдыр бир акча каражатын берүү, ал эми кредит алган тарап (заёмчу) өз убагында тийиштүү акча каражатын үстөгү менен кайтаруу милдеттерин алат. К. к. – заём келишиминин бир түрү.
К. к-нин маңызын заттар эмес, акча гана түзөт. Көпчүлүк кредит берүү накталай эмес түрдө болуп, кредит мамилелеринин өзөгүн талап кылуу укуктарын аткарат. К. к. ар дайым кайтарым мүнөзгө ээ. Кредиторго кредиттин акысы катары берилген сумманын проценти эсептелет. Проценттин өлчөмү келишим б-ча аныкталат да, аны төлөө келишим мөөнөтүнө көз каранды жана К. к-нде сөзсүз түрдө көрсөтүлөт. Келишим жазуу түрүндө катталат. Мындай форманы колдонбоо К. к-н жокко чыгарат. Көбүнчө кредит берген уюмдар зайымчыга кошулуу келишими болгон келишимдин типтүү формаларын колдонот. Кредит багытын ачканда милдеттендирүүчү банк келишим б-ча коюлган лимиттин негизинде каражатты бир нече жолу берет жана кредит берүүнүн жалпы шарттарын камтыган генералдык келишим түзүшү ыктымал.