КЫЗЫЛГАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:52, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛГАТ , к ы з ы л б ү л д ү р к ө н (Rubus saxatilis) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп. Сабагы көбүнчө ти­кенектүү, бийиктиги 30 смдей, жалбырагы үч ача, түктүү, гүлү ак. Мөмөсү сыңар же топтошуп (2–6 кызыл мөмө) чыгат. Евразиянын көлөкөлүү токойлорунда, бадал арасында өсөт. Кыргызстанда кездешет. Мөмөсү жегиликтүү келип, андан кыям, пастила, суусундук даярдалат.