КЫРГЫЗ УЯҢ ЖҮНДҮҮ КОЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЯҢ ЖҮНДҮҮ КОЮ – жүн-эт багы­тындагы кой породасы. Жерг. кылчык жүндүү куйруктуу койду түрдүү породадагы уяң жүндүү кочкорлор м-н аргындаштыруу аркылуу Та­лас обл-ндагы «Жоон-Төбө» асыл тукум кой ө с т үр үү з-ду нда

чыгарылган (1939– 53). Аргындашты­руу үчүн (1928–40) Кырг-нга кавказ мериносу, римбу­лье, нюртемберг ж-а прекос койло­рунун кочкорлору ал ынып к ел ин­ген. 1939-ж. экин­чи ж-а үчүнчү муундагы аргын койлорду өз ара аргындаштыруу жолу м-н уяң жүндүү койдун жаңы п ородасын чыгаруу ошол учурда гы «Жоон-Төбө» совхозунда, Кырг-н мал чарба ж-а вет. ИИИнин станцияларында, Калинин (азыркы Жайыл) р-нунун чарбаларында (Пан­филов, Крупская атн. колхоздордо) уюштурул­ган. Аргын койдун жүндүүлүгүн, сапатын жак­шыртуу максатында грозный кою м-н ставро­поль коюунун кочкорлору м-н куудурулган. Бул кой эттүү, тоо шартына жакшы байымдуу.
Кочкорунун орт. тирүүлөй салм. 90–100 кг (ай­рымдары 120 кг), жүнүнүн уз. 7,5–9,3 см, соолу­гунуку 7,5–8,5 см. Кочкорунун жүнү 60-, соолу-

гунун жүнү 60–64-сапатта. Ар кочкордон 8– 10 кг (айрымдарынан 16 кг), соолугунан 3,8– 4,3 кг жүн кыркылат, таза жүндүн чыгышы 50– 53%. Ар жүз тубар койдон 120–150 козу алы­нат. Кочкорунун бийикт. 74–81 см (соолугуну­ку 67–73 см), тулку боюнун уз. 74–88 см (67– 77 см), көөдөнүнүн кеңдиги 25–55 см (23–29 см). Кырг-нда асыл тукум фермердик чарбаларда асы­ралат.


Ад.: Лущихин М. Н. Кыргыз тукумундагы уяң жүндүү кой. Ф., 1959; Тоолуу шарттарда уяң жүндүү кой чарбасын өстүрүүнүн технологиясы. Ф., 1981.