КЫРГЫЗ УЮ
КЫРГЫЗ УЮ – Кыргыстанда байыртадан асыралып келген жергиликтуу уй. Маңдайы жазы, өңү кызыл, сары ала, кара, кара ала, күрөң ж. б. Кыргызстандын бардык аймагында багылат. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү кыргыз уюу Нарын облусунндагы уйларга кара-

ганда ирдүүрөөк.
Инегинин бийиктиги 110,8–120,3 см,микөкүрөк курчамы 152,9–165,4 см, тулку бою 137,5– 148,2 см. Кыргыз уюу жем-чөптү колдон көп жебей, жыл бою жайытта багылат. Инегинин салмагы 280– 320 кг, букасыныкы 400–450 кгга жетет. Жайытта жакшы семирет. Бул учурда ар бир ноопас күнүнө 50–500 г эт кошот. Сүтүнүн майлуулугу 4,5–5%. Кыргыз уюнун голланд ую м-н аргындаштыруудан сүт багытындагы олуя-ата ую, герефорд ую м-н аргындаштыруудан эт багытындагы казак ала баш ую, швиц ую м-н аргындаштыруудан сүт-эт багытындагы ала-тоо ую чыгарылган.