КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ
КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ – архитекторлордун ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюму. 1938-жылы Фрунзеде кыргыз архитекторлорунун уюмдаштыруу конференциясында,Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) архитекторлор союзунун курамында түзүлгөн. 1949-жылы өз алдынча Кыргыз Советтик Социалисттик Республикалар архитекторлор союзу болуп уюшулган. Союз архитеторлорду бир уюмга баш коштуруп, алардын чеберчилиги менен талантын өстүрүү, чыгармачылык изденүүлөрүнө шарт түзүү жана жаш талапкерлерге камкордук кылуу милдетин аткарат. Ал идеялык,тарбиялык, жана маданий-агартуу иштерин да жүргүзөт: Чыгармачыл кеңешмелер, долбоорлор жана курулуштар боюнча талкуулар, архитекторлордун квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт, элге архитектура жана курулуш маселелерин жайылтып, алдынкы тажрыйбаны пропагандалайт.
Кыргыз архитекторлор союзунун жетекчи органы – съезд. Съездде Союздун башкармасы шайланат. Жумушчу уюму – президиум жана секретариат. Союздун төрагалары: Г. А. Градов (1938– 1941), В. Е. Верюжский (1941–1943), Я. А. Штейнберг (194319–45), Проваров (1945–1949), Е. Г. Писарской (1949–1959), А. Исаев (1959–1961, 1986–1990), П. А. Афонин (1961–1964), В. Г. Тычинский (1964–1968), Е. Г. Писарской (1968–1986), К. Алыкулов (1990–1994, 1998–2001), Д. Өмүралиев (199419–98), А. Алсеитов (2001–2005), Э. Бекташев (2005-жылдан) иштешкен.