КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРТИСТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРТИСТИ – ардак наам. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жыл­дын 10-январындагы указы м-н белгиленген. 1991-жылдан КР Президентинин жарлыгы м-н берилет. Жогорку же орто билими ж-а кеминде 5 жылдык эмгек стажы бар, профессионалдык жогорку устаттыкка ээ болгон, өзүнүн иши м-н иск-вонун өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн, жогор­ку көркөмдүктөгү образдарды, спектаклдерди, кинофильмдерди түзгөн театр, кино, цирк, эст­рада артисттерине, режиссёр, дирижёр, балет­мейстер ж. б. иск-во кызматкерлерине, о. эле эл чыг-лыгынын көрүнүктүү өнөрпоздоруна ж-а таланттуу аткаруучуларына берилет.