КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРТИСТИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРТИСТИ – ардак наам. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 10-январындагы жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен берилет. Жогорку же орто билими жана кеминде 5 жылдык эмгек стажы бар, кесиптик жогорку устаттыкка ээ болгон, өзүнүн иши менен искусствонун өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн, жогорку көркөмдүктөгү образдарды, спектаклдерди, кино тасмаларды түзгөн театр, кино, цирк, эстрада артисттерине, режиссёр, дирижёр, балетмейстер жана башка искусство кызматкерлерине, ошондой. эле эл чыгармачылыгынын көрүнүктүү өнөрпоздоруна жана таланттуу аткаруучуларына берилет.