КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРТИСТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРТИСТИ – ардак наам. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жыл­дын 10-январындагы жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен берилет. Жогорку же орто билими жана кеминде 5 жылдык эмгек стажы бар, кесиптик жогорку устаттыкка ээ болгон, өзүнүн иши менен искусствонун өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн, жогор­ку көркөмдүктөгү образдарды, спектаклдерди, кино тасмаларды түзгөн театр, кино, цирк, эст­рада артисттерине, режиссёр, дирижёр, балет­мейстер жана башка искусство кызматкерлерине, ошондой. эле эл чыгармачылыгынын көрүнүктүү өнөрпоздоруна жана таланттуу аткаруучуларына берилет.