КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ Кыргыз Республикасынын кино тармагындагы саясатын жүргүзөт. Кыргыз ССРинде «Мамлекеттик кино» 1960-жылдарда уюшулган, кийин «Кыргызкино» мамконцерни (1992–2000) «Мамкиновидеокомпания» (2000–2006), «Кыргызкино» улуттук концерни (2006–2009), Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти (2009–2010),Кыргыз Республикасынын кинематография агенттиги (2010–2012) деп аталган, 2012-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти. Карамагында Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы, Ч. Айтматов атындагы Кино үйү, «Кыргызфильмофонд» мекемеси жана кино театрлар бар. Директорлору: К. Орозалиев, М. Бектеналиев, З. Эралиев, А. Пазылов, Ш. Жапаров, 2012-жылдан М. Бектеналиев болгон.