КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ Кыргыз Республикасынын кино тарма­гындагы саясатын жүргүзөт. Кыргыз ССРинде «Мамлекеттик кино» 1960-жылдарда уюшулган, кийин «Кыргызкино» мамконцерни (1992–2000) «Мамкиновидеокомпания» (2000–2006), «Кыргыз­кино» улуттук концерни (2006–2009), Кыргыз Республикасынын Ма­даният жана маалымат министрлигинин алдын­дагы Кинематография департаменти (2009–2010),Кыргыз Республикасынын кинематография агенттиги (2010–2012) деп аталган, 2012-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинемато­графия департаменти. Карамагында Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы, Ч. Айтматов атындагы Кино үйү, «Кыргызфильмо­фонд» мекемеси жана кино театрлар бар. Дирек­торлору: К. Орозалиев, М. Бектеналиев, З. Эра­лиев, А. Пазылов, Ш. Жапаров, 2012-жылдан М. Бектеналиев болгон.