КЫСКЫЧ
КЫСКЫЧ – сом темирди же тетиктерди иштетүүдө же жыйноодо тиштетилип бекитилүүчү курал. Ал тулкудан, кыймылсыз ж-а кыймылдуу тиштегичтен турат. К. кол м-н иштетилме, слесардык (верстакка орнотулган), устачылык (өтө тактыкты талап кылбаган иштер үчүн), машиналык (станоктун столуна орнотулат) болуп айырмаланат. О. эле пневматикалык ж-а гидравл. кыймылга келтиргичтүү болушу да мүмкүн.