«КЫРГЫЗ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ» БАШКЫ РЕДАКЦИЯСЫ
«КЫРГЫЗ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ» БАШКЫ РЕДАКЦИЯСЫ – универсал улуттук энциклопедия, аймактык ж-а тармактык энциклопедия-
ларды, маалыматнаама басылмаларды, мамл. тилди өнүктүрүүгө багытталган окуу китептери м-н окуу куралдарын ж-а көркөм ад-ттарды басып чыгаруучу мамл. ил. мекеме. Алгач 1968-ж. Кыргыз ССР ИАнын алдында уюшулуп, 1974-ж. Кыргыз ССРинин Басма, полиграфия ж-а китеп соодасы б-ча мамл. к-тинин карамагына өткөн. 1968–92-ж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын (КСЭ) Башкы редакциясы аталган. 1992–
99-ж. чейин Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1999–2010-ж. КРдин Президентине караштуу Мамл. тил б-ча улуттук комиссиянын алдындагы Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору аталып келген. 2010-жылдын 21- декабрында «Кыргыз энциклопедиясы» Башкы редакциясы болуп кайрадан түзүлдү. Кырг-ндын тарыхындагы улуттук мүнөздөгү биринчи универсал энциклопедияны даярдоону уюштуруу ж-а басып чыгаруу өтө татаал ж-а убаракерчиликтүү иш болгон. 30 миңден ашык терминди ичине алган КСЭде илим-билимдин бардык тармагын камтыган жалпы макалалардан сырткары кыргыз элинин өткөндөгү тарыхы, экономикасы, илим-билими, мад-ты, салт-санаасы кеңири чагылдырылган. Ал эми КСЭнин Кыргыз
ССРине арналган атайын тому эки тилде (кыргызча ж-а орусча) чыккан. Уюштуруу иштерин жолго коюуда, энциклопедиянын сөздүктөрүн түзүүдө Ж. Алышбаевдин, томдорду басып чыгарууда А. Табалдиевдин, Б. Орузбаеванын, энциклопедиялык стилди калыптандырууда С. Жигитовдун, о. эле иштин негизги аткаруучулары болгон энциклопедия кызматкерлеринин эмгеги зор. 1976–82-ж-да 6 томдон турган «Кыргыз
Совет Энциклопедиясынын» басылып чыгышы кыргыз элинин маданий турмушундагы зор тарыхый окуя болгон. 1968–88-жылдары Кыргыз
Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясында 150гө жакын кызматкер, б. а. 12 редакция, 8 бөлүм иштеп, аны башкы редакторлор:
Ж. Алышбаев (1968–69), Б. Үмөталиева (1971–
73), А. Табалдиев (1973–75), Б. Орузбаева (1976–
88) жетектеген. Бул жылдары КСЭден сырткары орус ж-а кыргыз тилдеринде «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы» аттуу атайын 2 том, 4 томдон турган «Советтик энциклопедиялык сөздүк» (1984–87), кыргыз ж-а орус
тилдериндеги «Фрунзе» энциклопедиясы (1984–
86), X. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» (1983), К. К. Юдахин түзгөн 40 миң сөздөн турган «Кыргызча-орусча сөздүктүн» эки томдугу (1985), Х. Карасаевдин «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1986) аттуу сөздүгү ж. б. олуттуу эмгектер жарык көргөн. 1988–98-ж. Башкы редакцияны:
М. Борбугулов, А. Карыпкулов, А. Стамов жетектеген. Бул жылдары жарыкка чыккан энциклопедиялык басылмалар: «Ош областы» (1989); Кырг-ндагы жер-суу аталыштарын камтыган «Кыргыз жергеси» (1990); медицина б-ча
«Ден соолук» ж-а эки томдуу «Айыл чарба» (1990); «Математика» (1991); «Ысык-Көл. Нарын» (1991; орус тилинде); эки томдуу «Манас» (1994); «Физика» (1994); «Чүй облусу» (1994) м-н «Талас облусу» (1995) эки тилде; «Ысык- Көл облусу» (1995) кыргыз, орус ж-а англис тилдеринде; « Нарын облусу» (1998). 1999-ж. Мамлекеттик тил ж-а энциклопедия борборунун директору – Б. Калдыбаева, 2000-жылдан
Д. Б. Андашев. Бул жылдары «Кыргызстан» аттуу обзордук том кыргыз, орус тилдеринде, 2 томдон турган «Бул ким? Ал эмне?» аттуу балдар энциклопедиясы басылды. Мамл. тилди
өнүктүрүүгө багытталган Ж. Жусаевдин «Кыргыз тили», Б. Орузбаеванын эки бөлүмдөн турган «Сөз курамы» аттуу окуу китептери ж-а
бөбөктөр үчүн Д. Ботаханованын «Бабалар сөзү –
акылдын көзү», Э. Абдулдаев, Н. Бейшекеев түзгөн «Орусча-кыргызча сөздүк» (17 миң сөз), «Иш кагаздары», мамл. тилге тиешелүү окуу куралдары, тармактык, аймактык энциклопедиялар, терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөр басылып
чыкты. О. эле С. Станалиевдин «Касым Тыныстанов», З. Сооронбаеванын «Чоочун киши», К. Акматовдун «Архат» сыяктуу көркөм адабий ж-а балдарга арналган чыгармалар, мындан сырткары «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз милициясы» (1999), «Физкультура жана спорт» (2002),
Химия (2003), «Жалалабат» (2003) аттуу энциклопедиялар жарык көрдү. Кыргыз энциклопедиясынын жаңы басылмасын чыгаруу милдеттендирилген КР Президентинин жарлыгына (21- январь, 2002-ж.) ылайык кыргыз тилинде 8, орус тилинде 4 томдон турган «Кыргызстан» улуттук универсал энциклопедиясы бекиген.
«Кыргыз Совет Энциклопедиясында» 30% жерг.
материал камтылса, эми 50%ти түзөт. 2003-жылдан Башкы редактору Ү. Асанов, директору, жооптуу редактору Д. Андашев, Башкы редактордун орун басарлары З. Бейшеев, Ч. Жумагулов. Азыр «Кыргызстан» энциклопедиясынын жаңы басылмасы 5 редакция ж-а бир бөлүмдүн күчү м-н даярдалууда. Улуттук энциклопедияны даярдоо м-н бирге анын негизин түзүүчү 8 терминол. сөздүк ж-а 17 илим тармагы б-ча энциклопедиялык окуу куралдары жарык көргөн. Улуттук энциклопедиянын жаңы басылмасын даярдоого республикага белгилүү окумуштууларды ж-а коомдук ишмерлерди камтыган 30 кишиден турган редакциялык коллегия, илим тармактары б-ча 200 адисти камтыган 27 редакциялык кеңеш көмөк көрсөтүп жатат. Редакцияда З. Бейшеев, Ч. Жумагулов, Б. Бегалиева, С. Төлөгөнова, Д. Акматова, Ө. Бараталиев, Ж. Жолдошева сыяктуу дасыккан энциклопедисттер, Т. Сандыбаева, А. Абдырахманова, А. Касымалиев сыяктуу китеп ишин мыкты билген 38 адис эмгектенүүдө. Бул энциклопедия кыргыз эли-
нин дүйнө таануусун, басып өткөн тарыхый жолун, илим-билимин ар тараптан чагылдыруучу, мамл. тилди жүзөгө ашыруучу мамлекеттин башкы китеби болуп эсептелет ж-а ал мурдагы энциклопедиядан түп тамырынан бери айырмаланат. Кырг-нда илим-билимдин фундаменталдуу түптөлүшү сов. доордо жогорку деңгээлге жеткени м-н кыргыз элинин байыртан берки басып өткөн жолу, көз каранды эместиги үчүн күрөшү, көрүнүктүү тарыхый инсандары ж. б. кыргыз тарыхынан толук орун албай келген маалыматтарга жаңы өңүттөн кеңири орун берилди. 1938–39-жылдарда күнөөсүз репрессияланган инсандар, коллективдештирүү мезгилинде пайда болгон «басмачылык кыймылы», о. эле «Үркүн» окуясы архивдик материалдар аркылуу такталып, бүгүнкү көз караш м-н жаңыланып киргизилди. Мындан сырткары совет идеологиясынын айынан айтылбай келген, бирок кыргыз элинин тарыхына из калтырган белгилүү инсандар да Кыргыз Энциклопедиясынан биринчи жолу орун алышты. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салым кошкон: Барсбек, Кубат бий, Мухаммед Кыргыз, Ормон хан ж. б., көз каранды эместик үчүн чет жерлик баскынчыларга каршы күрөштү жетектеген: Тайлак баатыр, Нышаа баатыр, Жайыл баатыр, Атаке баатыр ж. б., кыргыз элинин ар кайсы мезгилдеги улуттук-боштондук кыймылын жетектеген: Канат хан, Полот хан ж. б., коңшу мамлекеттер м-н достук мамилесин түзгөн элчилер (орто кылымдагы ж-а 18–19-к-да Россияга баргандар): Эрен улук, Шергазы, Абдрахман Кучак уулу, Черикчи бий ж. б., эл башкарууда акылмандыгы ж-а көсөмдүгү м-н кадыр-баркка ээ болгон: Садыр аке, Кыдыр аке, Курманжан датка, Көкүм бий ж. б. Албетте А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков баштаган Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөгө салым кошкондор, КРдин кийинки ишмерлери, согуштун ж-а эмгектин баатырлары, эл артисттери, эл жазуучулары, эл сүрөтчүлөрү, эл мугалимдери, дүйнөгө таанылган окумуштуулар, Кыргыз Республикасынын окумуштуулары, УИАнын анык мүчөлөрү – академиктер, корр. мүчөлөрү, илим докторлору, дүйнөлүк, Европ. ж-а Азиялык олимпиялык оюндардын чемпиондору м-н толукталды. О. эле эгемендикке жеткенден кийинки Кырг-нда болуп өткөн 2002-жылдагы «Аксы окуясы», 2005-жылдагы «Март ыңкылабы», 2010-жылдагы апрель революциясы сыяктуу олуттуу окуялар чагылдырылат. Демократиянын шарапаты м-н Азамат Алтай ж-дө таржымал макала киргизилди. Мындан сырткары энциклопедиянын принциптерине ылайык адам баласынын тарыхы, көрүнүктүү өкүлдөрү, аалам түзүлүшү, дүйнөлүк процесстер, мамлекеттер, жан-жаныбар, өсүмдүктөр дүйнөсү, илим-техника жетишкендиктери берилди. Ал эми тех. аткарылышы ж-а жабдылышы б-ча мурдагы энциклопедиянын форматын кайталабай, студенттер үчүн да, окуучулар үчүн да көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу, дүйнөлүк энциклопедиянын форматы тандалып алынды. Көркөм жасалгаланышы жагынан да айырмаланат. Иллюстрациялардын баары (карта, чийме, сүрөт ж. б.) баттама катары эмес, окурмандардын кабыл алуусуна жеткиликтүү болуусу үчүн ошол макаланын өзүндө түстүү же ак-кара түрдө берилди. Бул энциклопедия басылган кагазы б-ча да КМШ өлкөлөрүнүн энциклопедияларынан кыйла айырмаланат. Мындан сырткары башка энциклопедиялык басылмаларды чыгарууга да көңүл бурулуп, «Алабука району» (2005), «Токтогул району» (2005), «Тогузторо району» (2007), «Аксы району» (2008), «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» (2009), «Суусамыр» (2010) ж. б. жарык көрдү.
Д. Андашев.