«КЫРГЫЗ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ» БАШКЫ РЕДАКЦИЯСЫ
«КЫРГЫЗ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ» БАШКЫ РЕДАКЦИЯСЫ – универсал улуттук энциклопедия, аймактык жана тармактык энциклопедияларды, маалыматнаама басылмаларды, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган окуу китептерименен окуу куралдарынжана көркөм адабияттарды басып чыгаруучу мамлекеттик илимий мекеме. Алгач 1968-жылы Кыргыз ССР ИАнын алдында уюшулуп, 1974-жылы Кыргыз ССРинин Басма, полиграфия жана китеп соодасы боюнча Мамлекеттик тинин карамагына өткөн. 1968–92-жылы Кыргыз Совет Энциклопедиясынын (КСЭ) Башкы редакциясы аталган. 1992– 99-жылы чейин Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1999–2010-жылы КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору аталып келген. 2010-жылдын 21- декабрында «Кыргыз энциклопедиясы» Башкы редакциясы болуп кайрадан түзүлдү. Кыргызстандын тарыхындагы улуттук мүнөздөгү биринчи универсал энциклопедияны даярдоону уюштуруу жана басып чыгаруу өтө татаал жана убаракерчиликтүү иш болгон. 30 миңден ашык терминди ичине алган КСЭде илим-билимдин бардык тармагын камтыган жалпы макалалардан сырткары кыргыз элинин өткөндөгү тарыхы, экономикасы, илим-билими, маданияты, салт-санаасы кеңири чагылдырылган. Ал эми КСЭнин Кыргыз ССРине арналган атайын тому эки тилде (кыргызча жана орусча) чыккан. Уюштуруу иштерин жолго коюуда, энциклопедиянын сөздүктөрүн түзүүдө Ж. Алышбаевдин, томдорду басып чыгарууда А. Табалдиевдин, Б. Орузбаеванын, энциклопедиялык стилди калыптандырууда С. Жигитовдун, ошондой эле иштин негизги аткаруучулары болгон энциклопедия кызматкерлеринин эмгеги зор. 1976–82-ж-да 6 томдон турган «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» басылып чыгышы кыргыз элинин маданий турмушундагы зор тарыхый окуя болгон. 1968–88-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясында 150гө жакын кызматкер, башкача айтканда 12 редакция, 8 бөлүм иштеп, аны башкы редакторлор: Ж. Алышбаев (1968–69), Б. Үмөталиева (1971– 73), А. Табалдиев (1973–75), Б. Орузбаева (1976– 88) жетектеген. Бул жылдары КСЭден сырткары орус жана кыргыз тилдеринде «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы» аттуу атайын 2 том, 4 томдон турган «Советтик энциклопедиялык сөздүк» (1984–87), кыргыз жана орус тилдериндеги «Фрунзе» энциклопедиясы (1984– 86), X. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» (1983), К. К. Юдахин түзгөн 40 миң сөздөн турган «Кыргызча-орусча сөздүктүн» эки томдугу (1985), Х. Карасаевдин «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1986) аттуу сөздүгү ж. б. олуттуу эмгектер жарык көргөн. 1988–98-жылы Башкы редакцияны: М. Борбугулов, А. Карыпкулов, А. Стамов жетектеген. Бул жылдары жарыкка чыккан энциклопедиялык басылмалар: «Ош областы» (1989); Кыргызстандагы жер-суу аталыштарын камтыган «Кыргыз жергеси» (1990); медицина боюнча «Ден соолук» жана эки томдуу «Айыл чарба» (1990); «Математика» (1991); «Ысык-Көл. Нарын» (1991; орус тилинде); эки томдуу «Манас» (1994); «Физика» (1994); «Чүй облусу» (1994)менен «Талас облусу» (1995) эки тилде; «Ысык- Көл облусу» (1995) кыргыз, орусжана англис тилдеринде; « Нарын облусу» (1998). 1999-жылы Мамлекеттик тилжана энциклопедия борборунун директору – Б. Калдыбаева, 2000-жылдан Д. Б. Андашев. Бул жылдары «Кыргызстан» аттуу обзордук том кыргыз, орус тилдеринде, 2 томдон турган «Бул ким? Ал эмне?» аттуу балдар энциклопедиясы басылды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган Ж. Жусаевдин «Кыргыз тили», Б. Орузбаеванын эки бөлүмдөн турган «Сөз курамы» аттуу окуу китептери жана бөбөктөр үчүн Д. Ботаханованын «Бабалар сөзү – акылдын көзү», Э. Абдулдаев, Н. Бейшекеев түзгөн «Орусча-кыргызча сөздүк» (17 миң сөз), «Иш кагаздары»,Мамлекеттик тилге тиешелүү окуу куралдары, тармактык, аймактык энциклопедиялар, терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөр басылып чыкты. ошондой эле С. Станалиевдин «Касым Тыныстанов», З. Сооронбаеванын «Чоочун киши», К. Акматовдун «Архат» сыяктуу көркөм адабийжана балдарга арналган чыгармалар, мындан сырткары «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз милициясы» (1999), «Физкультура жана спорт» (2002), Химия (2003), «Жалалабат» (2003) аттуу энциклопедиялар жарык көрдү. Кыргыз энциклопедиясынын жаңы басылмасын чыгаруу милдеттендирилген КР Президентинин жарлыгына (21- январь, 2002-жылы) ылайык кыргыз тилинде 8, орус тилинде 4 томдон турган «Кыргызстан» улуттук универсал энциклопедиясы бекиген. «Кыргыз Совет Энциклопедиясында» 30% жергиликтүү материал камтылса, эми 50%ти түзөт. 2003-жылдан Башкы редактору Ү. Асанов, директору, жооптуу редактору Д. Андашев, Башкы редактордун орун басарлары З. Бейшеев, Ч. Жумагулов. Азыр «Кыргызстан» энциклопедиясынын жаңы басылмасы 5 редакция жана бир бөлүмдүн күчү менен даярдалууда. Улуттук энциклопедияны даярдоо менен бирге анын негизин түзүүчү 8 терминол. сөздүк жана 17 илим тармагы боюнча энциклопедиялык окуу куралдары жарык көргөн. Улуттук энциклопедиянын жаңы басылмасын даярдоого республикага белгилүү окумуштууларды жана коомдук ишмерлерди камтыган 30 кишиден турган редакциялык коллегия, илим тармактары боюнча 200 адисти камтыган 27 редакциялык кеңеш көмөк көрсөтүп жатат. Редакцияда З. Бейшеев, Ч. Жумагулов, Б. Бегалиева, С. Төлөгөнова, Д. Акматова, Ө. Бараталиев, Ж. Жолдошева сыяктуу дасыккан энциклопедисттер, Т. Сандыбаева, А. Абдырахманова, А. Касымалиев сыяктуу китеп ишин мыкты билген 38 адис эмгектенүүдө. Бул энциклопедия кыргыз элинин дүйнө таануусун, басып өткөн тарыхый жолун, илим-билимин ар тараптан чагылдыруучу, мамлекеттик тилди жүзөгө ашыруучу мамлекеттин башкы китеби болуп эсептелет жана ал мурдагы энциклопедиядан түп тамырынан бери айырмаланат. Кыргызстаннда илим-билимдин фундаменталдуу түптөлүшү советтик доордо жогорку деңгээлге жеткени менен кыргыз элинин байыртан берки басып өткөн жолу, көз каранды эместиги үчүн күрөшү, көрүнүктүү тарыхый инсандары ж. б. кыргыз тарыхынан толук орун албай келген маалыматтарга жаңы өңүттөн кеңири орун берилди. 1938–39-жылдарда күнөөсүз репрессияланган инсандар, коллективдештирүү мезгилинде пайда болгон «басмачылык кыймылы», ошондой эле «Үркүн» окуясы архивдик материалдар аркылуу такталып, бүгүнкү көз караш менен жаңыланып киргизилди. Мындан сырткары совет идеологиясынын айынан айтылбай келген, бирок кыргыз элинин тарыхына из калтырган белгилүү инсандар да Кыргыз Энциклопедиясынан биринчи жолу орун алышты. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салым кошкон: Барсбек, Кубат бий, Мухаммед Кыргыз, Ормон хан ж. б., көз каранды эместик үчүн чет жерлик баскынчыларга каршы күрөштү жетектеген: Тайлак баатыр, Нышаа баатыр, Жайыл баатыр, Атаке баатыр ж. б., кыргыз элинин ар кайсы мезгилдеги улуттук-боштондук кыймылын жетектеген: Канат хан, Полот хан ж. б., коңшу мамлекеттерменен достук мамилесин түзгөн элчилер (орто кылымдагыжана 18–19-к-да Россияга баргандар): Эрен улук, Шергазы, Абдрахман Кучак уулу, Черикчи бий ж. б., эл башкарууда акылмандыгыжана көсөмдүгүменен кадыр-баркка ээ болгон: Садыр аке, Кыдыр аке, Курманжан датка, Көкүм бий ж. б. Албетте А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков баштаган Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөгө салым кошкондор, КРдин кийинки ишмерлери, согуштун жана эмгектин баатырлары, эл артисттери, эл жазуучулары, эл сүрөтчүлөрү, эл мугалимдери, дүйнөгө таанылган окумуштуулар, Кыргыз Республикасынын окумуштуулары, УИАнын анык мүчөлөрү – академиктер, корреспондент мүчөлөрү, илим докторлору, дүйнөлүк, Европалык жана Азиялык олимпиялык оюндардын чемпиондору менен толукталды. Ошондой эле эгемендикке жеткенден кийинки Кыргызстанда болуп өткөн 2002-жылдагы «Аксы окуясы», 2005-жылдагы «Март ыңкылабы», 2010-жылдагы апрель революциясы сыяктуу олуттуу окуялар чагылдырылат. Демократиянын шарапатыменен Азамат Алтай ж-дө таржымал макала киргизилди. Мындан сырткары энциклопедиянын принциптерине ылайык адам баласынын тарыхы, көрүнүктүү өкүлдөрү, аалам түзүлүшү, дүйнөлүк процесстер, мамлекеттер, жан-жаныбар, өсүмдүктөр дүйнөсү, илим-техника жетишкендиктери берилди. Ал эми техникалык аткарылышыжана жабдылышы боюнча мурдагы энциклопедиянын форматын кайталабай, студенттер үчүн да, окуучулар үчүн да көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу, дүйнөлүк энциклопедиянын форматы тандалып алынды. Көркөм жасалгаланышы жагынан да айырмаланат. Иллюстрациялардын баары (карта, чийме, сүрөт ж. б.) баттама катары эмес, окурмандардын кабыл алуусуна жеткиликтүү болуусу үчүн ошол макаланын өзүндө түстүү же ак-кара түрдө берилди. Бул энциклопедия басылган кагазы боюнча да КМШ өлкөлөрүнүн энциклопедияларынан кыйла айырмаланат. Мындан сырткары башка энциклопедиялык басылмаларды чыгарууга да көңүл бурулуп, «Алабука району» (2005), «Токтогул району» (2005), «Тогузторо району» (2007),
«Аксы району» (2008), «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» (2009), «Суусамыр» (2010) ж. б. жарык көрдү.
Д. Андашев.