КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ
КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ Т. С ат ы л г а но в а т н. – кыргыз эл ырлары м-н күүлөрүн, дүйнө элдеринин муз. мад-тын угуучулардын калың катмарына жайылтууга концерттик ишмердигин багыттаган мамл. мекеме. 1936-ж. 7-октябрда Кыргыз муз. драма театрында П. Шубиндин жетекчилиги м-н 16 кишиден (комузчу, кыл кыякчы М. Күрөңкөев, комузчулар К. Орозов, Ы. Туманов, Ч. Иманкулов, кийинчерээк А. Тыныбеков, Ш. Шеркулов, манасчылар М. Мусулманкулов, С. Каралаев, акындар: К. Акыев, О. Бөлөбалаев, А. Үсөнбаев, куудул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байбатыров, ырчылар: М. Баетов, А. Огомбаев, кыл кыякчы С. Бекмуратов, музыканттар: Ш. Орозов, Ш. Аралбаев ж. б.) турган Кыргыз эл аспаптар оркестри уюшулган; ошол эле жылы кон-

церттик топ түзүлгөн. Ал респ-да биринчи өткөрүлгөн кароонун жеңүүчүлөрү м-н толукталып, филармониянын уюткусу болуп калган. 1936- жылдын 29-октябрында Кыргыз мамл. филармониясы уюшулган. Филармониянын көркөм жетекчиси комп. В. Фере. Анын алгачкы тобун 41 ырчы, комузчу, обончу, манасчы, куудулдар, эл аспаптар оркестри, мамл. хор, комузчулар ансамбли, эркектердин вокалдык квартети, дунган ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри ж. б. түзгөн. Бир жылдан кийин эл аспаптар оркестри 60 кишиге (көркөм жетекчиси П. Шубин), хору 50 кишиге (көркөм жетекчиси В. Фере, хормейстери Я. Чмелёв) жеткен. 1939-ж. кыргыз иск-восунун Москвада өткөн он күндүгүнө эл аспаптар оркестри, мамл. хор, бий ансамблдери,
ырчылар, комузчулар, манасчылар катышкан. Алардын аткарган чыгармалары Москва угуучуларына терең таасир калтырган. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы жарлыгы м-н Кыргыз мамл. филармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. 1940-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы м-н филармонияга Т. Сатылгановдун ысмы берилген. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн экинчи он күндүгүнө (1958) филармониянын эл аспаптар оркестри, комузчулар ансамбли, кыргыз хору, Карамолдо, Ыбырай, Мыскал, Ысмайыл, Алымкул, Осмонкул баштаган өнөрпоздор катышкан. Анда Кыргыз филармониясынын чоң чыг-лык тобу: ырчылар, комузчулар, төкмө акындар ж. б. ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. 1960-жылдан тартып филармонияда К. Орозов атн. Кыргыз эл аспаптар оркестри (башкы дирижёрлору А. Жумакматов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Э. Жумабаев, Т. Томотоев, С. Жумалиев, Б. Тилегенов), фольклор тобу (жетекчиси Э. Турсуналиев), 15 кишиден турган темир комузчулар ансамбли (жетекчиси Т. Тыныбеков), эстрада тобу (жетекчиси (Ч. Кожомжаров), бий ансамбли (жетекчилери Н. Түгөлов, Э. Мадемилова), 2 жылдык студия, «Арашан» вокалдык-аспаптык ансамбль (жетекчиси К. Кожомкулов), «Наристе» вокалдык-аспаптык топ (жетекчиси В. Томаренко), «Семетей» тобу (жетекчиси А. Сапаралиев), муз. лекторий (жетекчиси Е. Соболева), комузчулар ансамбли (жетекчиси Ч. Исабаев), «Даткайым» скрипкачылар ансамбли (жетекчиси Ч. Абдракманова), о. эле ырчылар Э. Турсуналиев, С. Токтакунова, З. Үсөнбаев, А. Айталиев, Т. Абдиев, Э. Мойдунов, А. Ибраев, У. Полотов, С. Садыкова, манасчы У. Мамбеталиев, арт. Г. Валиуллина, З. Шакеева, Г. Мамашева, Г. Момушева, А. Сапаралиев, Ж. Чабалдаев, Н. Табалдиева, А. Мадиева, Ж. Жумашев, М. Дүйшөкеева, Т. Исабекова, куудулдар А. Шаршенов, К. Ниязов, М. Үмөталиев, кыл кыякчы Т. Мураталиев ж. б. иштешкен. Филармониянын коллективи жыл сайын орто ж-а жогорку муз. билими бар таланттуу жаштар м-н толукталууда. К. у. ф-нын 1200 орундуу чоң ж-а 320 орундуу чакан концерттик залдары бар. Анда Москва симф. оркестринин, СССР бий ансамблинин ж. б. чыг-чыл коллективдердин концерттери өткөн. 2001-ж. филармонияга улуттук статусу берилген. Учурда филармонияда 376 адам иштейт (2009), а. и. К. Орозов атн. академиялык кыргыз эл аспаптар оркестри, «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атн. «Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев атн. «Камбаркан» этногр.-фольклордук ансамбли, «Ак марал» элдик бий ансамбли, «Насыйкат» камералык ансамбли бар. Директорлору: С. Аденов, С. Бектурсунов, Ш. Орозов, Ө. Жетикашкаев, М. Токобаев, Ж. Садыков, Б. Ашымбаев, А. Эсенгулов, С. Шимеев, А. Керимбаев, А. Токтосартов, Д. Назарматов, А. Жунушов, К. Турапов, З. Үсөнбаев (2010-жылдан).
Б. Алагушов.