КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ Т. С а­т ы л г а н о в а т ы н д а – кыргыз эл ырлары менен күүлөрүн, дүйнө элдеринин музыкалык маданиятын угуу­чулардын калың катмарына жайылтууга кон­церттик ишмердигин багыттаган мамл. мекеме. 1936-жылы 7-октябрда Кыргыз музыкалык драма театрын­да П. Шубиндин жетекчилиги менен 16 кишиден (комузчу, кыл кыякчы М. Күрөңкөев, комузчу­лар К. Орозов, Ы. Туманов, Ч. Иманкулов, ки­йинчерээк А. Тыныбеков, Ш. Шеркулов, манас­чылар М. Мусулманкулов, С. Каралаев, акын­дар: К. Акыев, О. Бөлөбалаев, А. Үсөнбаев, куу­дул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байба­тыров, ырчылар: М. Баетов, А. Огомбаев, кыл кыякчы С. Бекмуратов, музыканттар: Ш. Оро­зов, Ш. Аралбаев жана башкалар) турган Кыргыз эл ас­паптар оркестри уюшулган; ошол эле жылы концерттик

топ түзүлгөн. Ал республикада биринчи өт­көрүлгөн кароонун жеңүүчүлөрү менен толукталып, филармониянын уюткусу болуп калган. 1936-жылдын 29-октябрында Кыргыз мамлекеттик филар­мониясы уюшулган. Филармониянын көркөм жетекчиси композитор В. Фере. Анын алгачкы тобун 41 ырчы, комузчу, обончу, манасчы, куудулдар, эл аспаптар оркестри, мамлекеттик хор, комузчулар ансамбли, эркектердин вокалдык квартети, дун­ган ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри жана башкалар түзгөн. Бир жылдан кийин эл аспаптар оркест­ри 60 кишиге (көркөм жетекчиси П. Шубин), хору 50 кишиге (көркөм жетекчиси В. Фере, хор­мейстери Я. Чмелёв) жеткен. 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө эл ас­паптар оркестри, мамлекеттик хор, бий ансамблдери, ырчылар, комузчулар, манасчылар катышкан. Алардын аткарган чыгармалары Москва угуу­чуларына терең таасир калтырган. СССР Жо­горку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик фи­лармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сый­ланган. 1940-жылы Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин Президиумунун Жарлыгы менен филармо­нияга Т. Сатылгановдун ысмы берилген. Кыр­гыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн экин­чи он күндүгүнө (1958) филармониянын эл ас­паптар оркестри, комузчулар ансамбли, кыргыз хору, Карамолдо, Ыбырай, Мыскал, Ысмайыл, Алымкул, Осмонкул баштаган өнөрпоздор ка­тышкан. Анда Кыргыз филармониясынын чоң чыгармачылык тобу: ырчылар, комузчулар, төкмө акындар жана башкалар ордендер жана медалдар менен сый­ланган. 1960-жылдан тартып филармонияда К. Орозов атындагы Кыргыз эл аспаптар оркестри (башкы дирижёрлору А. Жумакматов, К. Мол­добасанов, Н. Давлесов, Э. Жумабаев, Т. Томо­тоев, С. Жумалиев, Б. Тилегенов), фольклор тобу (жетекчиси Э. Турсуналиев), 15 кишиден тур­ган темир комузчулар ансамбли (жетекчиси Т. Тыныбеков), эстрада тобу (жетекчиси (Ч. Ко­жомжаров), бий ансамбли (жетекчилери Н. Тү­гөлов, Э. Мадемилова), 2 жылдык студия, «Ара­шан» вокалдык-аспаптык ансамбль (жетекчи­си К. Кожомкулов), «Наристе» вокалдык-аспап­тык топ (жетекчиси В. Томаренко), «Семетей» тобу (жетекчиси А. Сапаралиев), музыкалык лекторий (жетекчиси Е. Соболева), комузчулар ансамбли (жетекчиси Ч. Исабаев), «Даткайым» скрипка­чылар ансамбли (жетекчиси Ч. Абдракманова), ошондой эле ырчылар Э. Турсуналиев, С. Токтакунова, З. Үсөнбаев, А. Айталиев, Т. Абдиев, Э. Мойду­нов, А. Ибраев, У. Полотов, С. Садыкова, ма­насчы У. Мамбеталиев, артистер Г. Валиуллина, З. Шакеева, Г. Мамашева, Г. Момушева, А. Са­паралиев, Ж. Чабалдаев, Н. Табалдиева, А. Ма­диева, Ж. Жумашев, М. Дүйшөкеева, Т. Исабеко­ва, куудулдар А. Шаршенов, К. Ниязов, М. Үмөта­лиев, кыл кыякчы Т. Мураталиев жана башкалар иштеш­кен. Филармониянын коллективи жыл сайын орто жана жогорку музыкалык билими бар таланттуу жаштар менен толукталууда. Кыргыз улуттук флармониясынын 1200 орундуу чоң жана 320 орундуу чакан концерттик залдары бар. Анда Москва симфониялык оркестринин, СССР бий ансамблинин жана башка чыгармачыл коллек­тивдердин концерттери өткөн. 2001-жылы филар­монияга улуттук макамы берилген. Учурда фи­лармонияда 376 адам иштейт (2009), анын ичинде К. Оро­зов атындагы академиялык кыргыз эл аспаптар ор­кестри, «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев атындагы «Кам­баркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, «Ак марал» элдик бий ансамбли, «Насыйкат» каме­ралык ансамбли бар. Директорлору: С. Аденов, С. Бектурсунов, Ш. Орозов, Ө. Жетикашкаев, М. Токобаев, Ж. Садыков, Б. Ашымбаев, А. Эсен­гулов, С. Шимеев, А. Керимбаев, А. Токтосар­тов, Д. Назарматов, А. Жунушов, К. Турапов, З. Үсөнбаев иштешкен.

Б. Алагушов.