КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ К. И. С к р я б и н а т н. – агрардык багыттагы көп тармактуу ири ЖОЖ. 1931-ж. Айыл чарба техникумунун ж-а Кыргыз ил.-из. зоовет. ин-тунун базасында зоовет. ин-т түзүл­гөн. Ин-ттун 2 ф-ти (зоотех. ж-а вет.) болгон. 1933-ж. 1-февралда ветврачтарды ж-а зоотехник­терди даярдоо үчүн студенттерди кабыл алуу жа­рыяланат, ошол жыл расмий түрдө ин-ттун тү­зүлгөн жылы деп эсептелет. Ин-ттун алгачкы директору С. В. Тасбулатов болгон. 1938-ж. агрон. ф-т ачылып, Кыргыз айыл чарба ин-ту (КАЧИ) болуп аталган. 1945-ж. академик К. И. Скрябин­дин аты ыйгарылган. Ин-тунун алгачкы рек­тору – Ж. Худайбергенов (1953). Э. Арабаев,

Ж. Акималиев, К. Алагушев, Б. Сыдыков ж. б. окумуштуулар ар кайсы жылдары ун-ттин ректорлору болуп эмгектенишкен. 1996-ж. Кыр­гыз айыл чарба ин-ту Кыргыз агрардык акаде­миясы, 2001-ж. Кыргыз агрардык университети деп кайрадан түзүлгөн. 2009-ж. КРдин Прези­дентинин Указынын негизинде улуттук стату­су берилген. Ун-ттин курамына 7 ф-т, 4 ИИИ, 4 коллеж кирет. 400гө жакын проф.-окутуучу­лар жамааты, а. и. илимдин 36 доктору, КР УИАнын 2 академиги, 2 корр. мүчөсү, КРдин илимине, билим берүүсүнө эмгек сиңирген 10 ишмер, илимдин 136 кандидаттары, до­центтер, Илим жана техника б-ча мамл. сый­лыктардын лауреаттары эмгектенишет (2012). Ун-тте эл аралык байланыштар жакшы өнүк­көн. Ал Россия, Түркия, Украина, Казакстан, Германия, Чехия, Венгрия ж. б. өлкөлөр м-н кызматташат. Студенттердин жалпы саны 7 000ге жакын, алар күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрүндө билим алышат. Ун-тте 30 адис­тик б-ча аспирантура жана докторантура бар. КУАУ КМШ өлкөлөрүнүн, Германия, Швейца­рия, Италия, Финляндия, Кытай, Япония ж. б. өлкөлөрдүн ун-ттери ж-а ил.-из. борборлору м-н 60тан ашык келишим түзгөн. Белгилүү жа­зуучу Ч. Т. Айтматов КУАУнун бүтүрүүчүсү. Окуу жай «Ардак Белгиси» ордени м-н сый­ланган. 2010-жылдан Р. З. Нургазиев ректор бо­луп эмгектенүүдө.