КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ
КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ К. И. С к р я б и н а т ы н д а г ы – агрардык багыттагы көп тармактуу ири ЖОЖ. 1931-ж. Айыл чарба техникумунун ж-а Кыргыз илим-изилдоо зооветеринария институтунун базасында зооветеринариялык институт түзүлгөн. Иннституттун 2 факультети (зоотехниялык ж-а ветеринариялык болгон. 1933-ж. 1-февралда ветврачтарды ж-а зоотехниктерди даярдоо үчүн студенттерди кабыл алуу жарыяланат, ошол жыл расмий түрдө институттун түзүлгөн жылы деп эсептелет. Институттун алгачкы директору С. В. Тасбулатов болгон. 1938-ж. агрономия факултети ачылып, Кыргыз айыл чарба институту (КАЧИ) болуп аталган. 1945-ж. академик К. И. Скрябиндин аты ыйгарылган. Инститтун алгачкы ректору – Ж. Худайбергенов (1953). Э. Арабаев,

Ж. Акималиев, К. Алагушев, Б. Сыдыков ж. б. окумуштуулар ар кайсы жылдары университетттин ректорлору болуп эмгектенишкен. 1996-ж. Кыргыз айыл чарба институту Кыргыз агрардык академиясы, 2001-ж. Кыргыз агрардык университети деп кайрадан түзүлгөн. 2009-ж. КРдин Президентинин Указынын негизинде улуттук статусу берилген. Университеттин курамына 7 факультет, 4 ИИИ, 4 коллеж кирет. 400гө жакын профессордук-окутуучулар жамааты, анын ичинде илимдин 36 доктору, КР УИАнын 2 академиги, 2 корреспендент- мүчөсү, КРдин илимине, билим берүүсүнө эмгек сиңирген 10 ишмер, илимдин 136 кандидаттары, доценттер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттары эмгектенишет (2012). Университетте эл аралык байланыштар жакшы өнүккөн. Ал Россия, Түркия, Украина, Казакстан, Германия, Чехия, Венгрия ж. б. өлкөлөр м-н кызматташат. Студенттердин жалпы саны 7 000ге жакын, алар күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрүндө билим алышат. Унверситетте 30 адистик боюнча аспирантура жана докторантура бар. КУАУ КМШ өлкөлөрүнүн, Германия, Швейцария, Италия, Финляндия, Кытай, Япония ж. б.өлкөлөрдүн университеттери ж-а илим - изилдоо борборлору м-н 60тан ашык келишим түзгөн. Белгилүү жазуучу Ч. Т. Айтматов КУАУнун бүтүрүүчүсү. Окуу жай «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган. 2010-жылдан Р. З. Нургазиев ректор болуп эмгектенүүдө.