КЫРГЫЗСТАН КУРОРТОЛОГИЯ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН КУРОРТОЛОГИЯ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ – Кырг-нда курортология, физиотерапия ж-а практикалык иштерди жүргүзүүчү мекеме. КРдин Саламаттык сактоо министрлигине ка­райт. 1957-ж. Фрунзеде Кырг-н курортология ж-а физиотерапия ИИИ болуп уюшулган. 1992- жылдан азыркыдай аталат. Ин-т Бишкектен 20 км түштүктө Таш-Дөбө айылында, филиалы Бишкек ш-нда жайгашкан. Ал ил. клиника­лык ж-а лабор. бөлүмдөрдөн турат. Ин-ттун 510 орундуу клиникалык базасында жыл сайын 11000ден ашык оорулуу дарыланат ж-а реаби­литациядан өтөт. Ин-тта жүрөк-кан тамыр, та­мак сиңирүү, дем алуу системалары, нерв систе­масы, буту, колу жабыркагандар дарыланат. Ал жерде дары-дармек ж-а табигый факторлордон тышкары физиотерапия (электр, ультра үн, жарык ж. б.), жылуулук (баткак, парафин), түрдүү массаж, дары чөптөр, аэрозолдор, суу, ийне м-н дарылоо жүргүзүлөт. Ангионеврология бөлүмүндө мээнин кан айлануусу бузулгандар, четки нерв системасы жабыркагандар дарыла­нат ж-а сүйлөөсү, басуусу бузулгандар үчүн ка­лыб ына келтирүүчү комплек стүү чаралар жүргүзүлөт. Ин-тта 47 ил. кызматкер, илимдин 2 доктору ж-а 13 кандидаты эмгектенет (2010).