КЫРГЫЗСТАН КУРОРТОЛОГИЯ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН КУРОРТОЛОГИЯ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ – Кыргызстанда курортология, физиотерапия ж-а практикалык иштерди жүргүзүүчү мекеме. КРдин Саламаттык сактоо министрлигине ка­райт. 1957-ж. Фрунзеде Кыргызстан курортология ж-а физиотерапия ИИИ болуп уюшулган. 1992- жылдан азыркыдай аталат. Институт Бишкектен 20 км түштүктө Таш-Дөбө айылында, филиалы Бишкек шаарында жайгашкан. Ал илимий клиника­лык ж-а лаборатрия бөлүмдөрдөн турат. Институттун 510 орундуу клиникалык базасында жыл сайын 11000ден ашык оорулуу дарыланат ж-а реаби­литациядан өтөт. Институтта жүрөк-кан тамыр, та­мак сиңирүү, дем алуу системалары, нерв систе­масы, буту, колу жабыркагандар дарыланат. Ал жерде дары-дармек ж-а табигый факторлордон тышкары физиотерапия (электр, ультра үн, жарык ж. б.), жылуулук (баткак, парафин), түрдүү массаж, дары чөптөр, аэрозолдор, суу, ийне м-н дарылоо жүргүзүлөт. Ангионеврология бөлүмүндө мээнин кан айлануусу бузулгандар,четки нерв системасы жабыркагандар дарыла­нат ж-а сүйлөөсү, басуусу бузулгандар үчүн ка­лыбына келтирүүчү комплекстүү чаралар жүргүзүлөт. Институтта 47 илимий кызматкерлер, илимдин 2 доктору ж-а 13 кандидаты эмгектенет (2010).