КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУУРЧАК ТЕАТРЫ
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУУРЧАК ТЕАТРЫ М. Ж а н г а з и е в а т н. – респ-дагы профессионал театр. 1938-ж. Фрунзеде уюштурулган. Туңгуч уюштуруучусу ж-а көркөм жетекчиси – М. Волкова (1939–45). Адегенде орус труппасы– 1948-ж. кыргыз труппасы түзүлгөн. Алгачкы спектаклдери эл жомокторунун негизинде коюлган: «Түлкү сиңдим» (иштеп чыккан Войденова)– «Чет өлкөлүк Петрушка» (C. Маршак)– «Зарлык менен Дөө» (О. Cарбагышев)– «Таластык мерген» (К. Эшмамбетов– В. Швембергер) ж. б. 1945-ж. реж. В. Швембергер антифаш. мазмундагы өзүнүн «Жээктеги бороон»– «Партизан токоюнун жомоктору»– «Кичинекей партизандын энеси» ж. б. спектаклдерин койгон. Кыргыз труппасында «Баатыр бала» (А. Алдашев)– «Туткун Каныш» (А. Көбөгөнов– Н. Медведкина)– «Куйручуктун күлкүсү» (К. Бектенов)– «Жоронун жоруктары» (М. Тойбаев) ж. б. коюлган. Театр Ташкентте өткөн О. Азия респлары м-н Казакстан фестивалынын (1975) лауреаты ж-а Бүткүл союздук куурчак театрларынын Москвада өткөн 12-фестивалынын (1976) дипломанты. Өз спектаклдери м-н балдар арасында тарбиялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 2008-ж. ж-а 2009-ж. Респ-нын мыкты театры деген наамга ээ болгон. Директорлору: Т. Эремжанов (1945–49), Козубеков (1950–53), Н. Проскурин (1953–57), С. Зорина (1958–67), Е. Морозова (1967–74), К. Саскеев (1975–77), Б. Карасаев (1977–81), К. Алиев (1981–2006), И. Өмүралиев (2006–07), О. Айдаров (2007), 2007-жылдан Т. Сманбеков.