КӨН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:14, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨН - колго жасалган булгаарынын суу тийсе көөп чыгуучу туру. Жуну алынып, челденип же малмага салынган бодонун же кийиктин тери­си ашатылып жана ийленип, табигый боёкторго (ышкын туп, чукуру менен ат кулактын тубу жана башкалар) чыланып даярдалган. Боёк териге сиңгенден кийин колдо же талкууда ийине жете ийлен­ген. Көндөн бут кийим (кепич, өтук, маасы жана башкалар) ултарылган.