КӨН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨН - колго жасалган булгаарынын суу тийсе көөп чыгуучу туру. Жуну алынып, челденип же малмага салынган бодонун же кийиктин териси ашатылып жана ийленип, табигый боёкторго (ышкын туп, чукуру менен ат кулактын тубу жана башкалар) чыланып даярдалган. Боёк териге сиңгенден кийин колдо же талкууда ийине жете ийленген. Көндөн бут кийим (кепич, өтук, маасы жана башкалар) ултарылган.