КӨМӨЛДҮРҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМӨЛДҮРҮК - ат жабдыктарынын бир бөлүгү.
Мингичтин омуроосунан алып, бир учу ээрдин аттанар жагындагы чагаракка, башка учу экин­чи жактагы тогоого бекитилип, үчүнчүсү мин­гичтин эки астынкы бутунун ортосунан өткөрү­лүп, басмайылга бекитилүүчү ка­йыш.

Өр таяна бастырганда ат токулгасы артка жылып кетпес үчүн тагылат. Көмөлдүрүктүн олоң тили, жүрөкчөсү, учундагы кош сүзмөсү чагарактар аркылуу туташкан.
Көмөлдүрүктүн капталдары кайыштан ча­чыланып, үстү күмүш, жез, те­мир, коло купалар, чорлор, со­лондор менен аземделип кооздол­гон. Кыз-келиндердин ээр-току­мундагы көмөлдүрүк мыкты терилип со­гулган жана чачы чыгарылган сыз­мадан да жасалган.