КӨК-КҮМБӨЗ КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-КҮМБӨЗ КӨРҮСТӨНДӨРҮ – байыркы ж-а о. кылымдарга тиешелүү археол. эстелик. Ат-Башы районунун чыгышындагы Көк-Күмбөз суусунун этегинде жайгашкан. Жалпы саны жүз­дөн ашуун. Көпчүлүгү сак дооруна таандык. 1982–83-ж. археолог М. И. Москалёв баяндап жазган. 1989-ж. археолог К. Табалдиев көрүстөн­дөрдү картага түшүргөн.