КӨК-КҮМБӨЗ КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-КҮМБӨЗ КӨРҮСТӨНДӨРҮ – байыркы жана орто кылымдарга тиешелүү археологиялык эстелик. Ат-Башы районунун чыгышындагы Көк-Күмбөз суусунун этегинде жайгашкан. Жалпы саны жүз­дөн ашуун. Көпчүлүгү сак дооруна таандык. 1982–1983-жылдары археолог М. И. Москалёв баяндап жазган. 1989-жылы археолог К. Табалдиев көрүстөн­дөрдү картага түшүргөн.