КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ
КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ – неолит дооруна (б. з. ч. 6–5-миң жылдык) таандык археол. эстелик. Чатыр-Көлдүн чыгыш тарабында, Көк-Айгыр суусунун тектиринде жайгашкан. 1963-ж.
Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунун Нарын отряды (жетекчиси Ш. А. Кыдыров) ачып, окумуштуулар М. Б. Юнусалиев, В. А. Рановдор изилдеген. 2007-ж. кошумча археол. изилдөөлөр (археологдор К. Табалдиев, А. Абыканова) жүргүзүлүп, неолит дооруна чейинки мезолиттик таш куралдар ж-а таш чабындылары табылган. Таш куралдар көбүнчө кызгылтым оттук таш тегинен жасалган. Чогултулган коллекция Кошой-Коргон музейине жайгаштырылган. К.-А. к. археол. изилдөө үчүн келечектүү эстелик болуп саналат.