КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ – неолит дооруна (биздин заманга чейинки 6–5-миң жылдык) таандык археологиялык эстелик. Чатыр-Көлдүн чыгыш тарабында, Көк-Айгыр суусунун тектиринде жайгашкан. 1963-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунун Нарын отряды (жетекчиси Ш. А. Кыдыров) ачып, окумуштуулар М. Б. Юнусалиев, В. А. Рановдор изилдеген. 2007-жылы кошумча археологиялык изилдөөлөр (археологдор К. Табалдиев, А. Абыканова) жүргүзүлүп, неолит дооруна чейинки мезолиттик таш куралдар жана таш чабындылары табылган. Таш куралдар көбүнчө кызгылтым оттук таш тегинен жасалган. Чогултулган коллекция Кошой-Коргон музейине жайгаштырылган. Көк-Айгыр көрүстөнү археологиялык изилдөө үчүн келечектүү эстелик болуп саналат.