КӨЖӨ
КӨЖӨ – акталган таруудан, күрүчтөн же кесек тартылган дандан (арпа, буудай, конок, жүгөрү) эт, май же башка катык кошулуп, кайнатылып жасалган суюк тамак. К-го ак катыкталып, ысуулай да, кээде ачытылып, суусундукка да ичилген. К-нүн жыл ажырашта (Ноорузда) жасалганы жыл К. же чоң К. (н о о р у з д ам а) деп аталган. Айыл эли чогулуп, чоң казанга жетиден кем эмес даам салып, пияз, сарымсак сыяктуу татымалдарды кошуп, суу куюп, көпкө кайнатып бышырган. Дан азыгынын маңызы эзилип, эт сөөгүнөн шылынып, шору чыккан. К. даяр болгондо аны айылдуу айылы м-н ооз тийишкен. К. бышканча алас кылып, жыл ажыратып, жаңы жылды белгилешкен.