КӨЖӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЖӨ – акталган таруудан, күрүчтөн же кесек тартылган дандан (арпа, буудай, конок, жүгөрү) эт, май же башка катык кошулуп, кайнаты­лып жасалган суюк тамак. Көжөгө ак катыкта­лып, ысуулай да, кээде ачытылып, суусундук­ка да ичилген. Көжөнүн жыл ажырашта (Нооруз­да) жасалганы жыл көжө. же чоң көжө (н о о р у з д а­ м а) деп аталган. Айыл эли чогулуп, чоң казан­га жетиден кем эмес даам салып, пияз, сарым­сак сыяктуу татымалдарды кошуп, суу куюп, көпкө кайнатып бышырган. Дан азыгынын маңызы эзилип, эт сөөгүнөн шылынып, шору чыккан. Көжө даяр болгондо аны айылдуу айылы менен ооз тийишкен. Көжө бышканча алас кылып, жыл ажыратып, жаңы жылды белгилешкен.