КӨБӨГӨНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:51, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБӨГӨНОВ Абдашым [1913, Чолпон-Ата болушу (азыркы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району), Кара-Ой айылы – 13. 11. 1992, Бишкек] –

Көбөгөнов А. – Каренин, Вронский – Н. Кытаев, Анна Каренина – З. Молдобаева. Л. Толстой. «Анна Карени­на». Кыргыз Мамл. академиялык драма театры. 1960.

драма артисти, режиссёр, драматург, Кыргыз ССР эл артисти (1967). Фрунзедеги рабфакта оку­ган. 1937-жылы Жумгал колхоз-совхоз театрын уюштурган. Нарын (1939– 1946), Жалал-Абад (1948–1949), Ысык-Көл (1949–1952) театрларында көркөм жетекчи жана актёр, 1946–1948-жылдары жана 1952-жыл­дан Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында актёр, 1974–1976-жылдары директор болуп иштеген. Ат­карган ролдору: Саринжи (К. Эшмамбетов, «Сарин­жи»), Курманбек, Аккан (К. Жантөшев, «Курман­бек»), Фрунзе (К. Маликов, «Бийик жерде»), Каренин (Л. Толстой, «Анна Карени­на») жана башкалар. Көбөгөнов комедиялык курч образдарды да жараткан.


Режиссёр ката­ры К. Эшмамбетовдун «Саринжи», Ж. Бөкөм­баевдин «Токтогул», К. Жантөшевдин «Курман­бек», Н. Гоголдун «Үйлөнүү», Р. Шүкүрбековдун «Акындын үмүтү», К. Маликовдун «Осмонкул» жана башка спектаклдерди койгон. Көбөгөнов – «Туткун Ка­ныш», «Болот менен Тынар», «Алмагүл», «Ким элек», «Карагай-Булак» аттуу пьесалардын авто­ру. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.