КОШ БОЙЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ БОЙЛУУЛУК – аял организминде урук­танган энелик клеткасынын (түйүлдүктүн) өөрчүшү м-н мүнөздөлгөн физиол. процесс. Ал орто эсеп м-н 40 жума же 280 күнгө созулат. Энелик клетка жатын түтүгүндө уруктанып, жа­тынды карай жылат. Ал назик түкчөлөр м-н капталган көп клеткалуу түйүлдүккө айланат. Түкчөлөрү м-н жатындын былжыр челине жа­бышат. Түйүлдүк бекиген жерде түкчөлөр жыш өсүп, алардан киндик аркылуу түйүлдүк м-н ту­ташкан баланын тону пайда болот. Түйүлдүк киндик кан тамырлары б-ча энеден азык зат, кычкылтек алып, зат алмашуу продуктуларын чыгарып турат. Жатын түтүгүнүн ар кандай ооруларында уруктанган энелик клетка жыл­бай, жатын түтүгүнө жабышып калышы мүмкүн (к. Жатындан тышкары бойго бүтүү). Кош бойлуу аялдын борб. нерв системасында өзгө­рүүлөр жүрүп, ошондон улам жатын булчуңун бошоңдотуучу жүлүндүн козголгучтугу төмөн­дөп, жатынды тынч абалга келтирет. Ал кезде жаңы ичке секреция бездери пайда болуп, алар К. б-ка жардам берүүчү гормон иштеп чыгарат. Баланын тону чыгарган гормон эмчек безинин чоңоюшуна таасир этет. Жатын бир кыйла чо­ңоёт, баланын тонуна кан жеткирүүчү кан та­мырлар көбөйүп, дем алуу тереңдейт, жүрөктүн жыйрылышы күчөп, маанилүү органдарга, жа­тынга канды тез-тез жеткирет. Бөйрөк иши, газ алмашуу күчөйт, кан тамырлар кеңейет. Кош бойлуу аялдын организминдеги органдар м-н сис­темалардын иштешин камсыздоо ж-а түйүл­дүктүн өөрчүшүнө жагымдуу шарт түзүү үчүн азык зат м-н кычкылтек көбүрөөк талап кы­лынат. К. б-тун алгачкы жумаларында аялдын ден соолугу ж-а жүрүм-туруму түйүлдүктүн ан­дан ары өөрчүшү ж-а болочок баланын ден соо­лугу үчүн чоң мааниге ээ. Түрдүү ооруларга (грипп, туберкулёз, кызыл жүгүрүк, ангина, кант диабети, аз кандуулук, боор, бөйрөк, жү­рөк-кантамыр системасынын жабыркашы ж. б.) чалдыгуу, туура эмес тамактануу, тамеки тар­туу, ичкилик ичүү К. б-ка ж-а түйүлдүккө чоң зыян келтирет.