КОШ БОЙЛУУЛУК
КОШ БОЙЛУУЛУК – аял организминде уруктанган энелик клеткасынын (түйүлдүктүн) өөрчүшү м-н мүнөздөлгөн физиологиялык процесс. Ал орто эсеп м-н 40 жума же 280 күнгө созулат. Энелик клетка жатын түтүгүндө уруктанып, жатынды карай жылат. Ал назик түкчөлөр м-н капталган көп клеткалуу түйүлдүккө айланат. Түкчөлөрү м-н жатындын былжыр челине жабышат. Түйүлдүк бекиген жерде түкчөлөр жыш өсүп, алардан киндик аркылуу түйүлдүк м-н туташкан баланын тону пайда болот. Түйүлдүк киндик кан тамырлары боюнча энеден азык зат, кычкылтек алып, зат алмашуу продуктуларын чыгарып турат. Жатын түтүгүнүн ар кандай ооруларында уруктанган энелик клетка жылбай, жатын түтүгүнө жабышып калышы мүмкүн (к. Жатындан тышкары бойго бүтүү). Кош бойлуу аялдын борбордук нерв системасында өзгөрүүлөр жүрүп, ошондон улам жатын булчуңун бошоңдотуучу жүлүндүн козголгучтугу төмөндөп, жатынды тынч абалга келтирет. Ал кезде жаңы ичке секреция бездери пайда болуп, алар кош бойлуулукка жардам берүүчү гормон иштеп чыгарат. Баланын тону чыгарган гормон эмчек безинин чоңоюшуна таасир этет. Жатын бир кыйла чоңоёт, баланын тонуна кан жеткирүүчү кан тамырлар көбөйүп, дем алуу тереңдейт, жүрөктүн жыйрылышы күчөп, маанилүү органдарга, жатынга канды тез-тез жеткирет. Бөйрөк иши, газ алмашуу күчөйт, кан тамырлар кеңейет. Кош бойлуу аялдын организминдеги органдар м-н системалардын иштешин камсыздоо ж-а түйүлдүктүн өөрчүшүнө жагымдуу шарт түзүү үчүн азык зат м-н кычкылтек көбүрөөк талап кылынат. Кош бойлуулуктун алгачкы жумаларында аялдын ден соолугу ж-а жүрүм-туруму түйүлдүктүн андан ары өөрчүшү ж-а болочок баланын ден соолугу үчүн чоң мааниге ээ. Түрдүү ооруларга (грипп, туберкулёз, кызыл жүгүрүк, ангина, кант диабети, аз кандуулук, боор, бөйрөк, жүрөк-кантамыр системасынын жабыркашы ж. б.) чалдыгуу, туура эмес тамактануу, тамеки тартуу, ичкилик ичүү кош бойлуулукка ж-а түйүлдүккө чоң зыян келтирет.