КОЧКОР 1
КОЧКОР – бычылбаган эркек кой. Ал 4–5 айлыгында жетилет. Жетилгенде өзүнчө короого бөлүнүп, 7–8 жашка чейин куутка кошулат. К. болуучу козуга кочкорок кезинен көз салып, анын породасына, кунардуулугуна, дене түзүлүшүнө ж. б. көңүл бурулат. Калтырылган К. козу кочкор кезинде (1,5 жашында) 50–100 кой куудурулуп, төл б-ча ага баа берилет. Колдон уруктандырууда бир К-дун уругу 200–500 койго жетет. К-дун рационунда протеин, витамин, минерал зат мол болууга тийиш.