КОСМОС АППАРАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́СМОС АППАРАТЫкосмос мейкиндигине учуп чыгуучу же мейкиндикте учуп жүрүүчү жабдуулардын (ракета алып жүргүч, космос ра­кетасы ж-а кемеси, автоматтык ж-а экипаждуу станциялар – Жер орбиталык ж-а планета ара­лык жасалма жандоочтор ж. б.) жалпы аталы­шы. К. а. жерге жакын, орбиталык ж-а плане­та аралык; автоматтык ж-а учкуч башкаруучу

Космоско учуучу аппарат.

болуп бөлүнөт. Атайын ил.-из. аппаратура м-н жабдылган К. а. ар кандай багытта изилдөө­лөрдү жүргүзүү үчүн космоско чыгарылат. «Спут­ник» деп аталган алгачкы К. а. 1957-ж. 4-ок­тябрда Советтер Союзунда учурулган. Кийин К. а. Жер орбитасына, Айга, планеталарга учу­рулган. 1957-ж. ноябрда «Спутник-2» К. а-нда Лайка аттуу ит учурулган. 1961-ж. 12-апрелде Ю. Гагарин «Восток» космос кемесинде учкан.

К. а-нын негизги өзгөчөлүктөрү – космоско уч­канда узак убакыт бою иштеши ж-а ошону м-н бортундагы (борт аппараты) белгилүү жылуу­лук режиминин негизинде энергия алып, Жер м-н радиобайланышын камсыз кылат. Экипа­жы бар К. а-нда космонавттардын жашоо тири­чилигине, иштешине шарт түзүлгөн. К. а-нын учуусу эки бөлүктөн турат: берилген багыт б-ча белгилүү ылдамдыкка жеткирүүчү бөлүк, чы­гаруу бөлүгү ж-а орбиталык бөлүк. К. а-на 8 км/секга жакын ылдамдык берүү үчүн көп бас­кычтуу ракеталар пайдаланылат. Жердин жа­салма жандоочусунун ылдамдыгы биринчи кос­мос ылдамдыгына барабар же ашыгыраак; пла­нета аралык К. а. экинчи космос ылдамдыгына ээ болот; ал эми үчүнчү космос ылдамдыгына ээ болсо – Күн системасынан чыгып кетет. К. а-н Жерге ж. б. асман телолоруна кондурууда кос­мостук ылдамдыкты нөлгө чейин төмөндөтүү – космоско учуу проблемаларынын эң татаалы. К. а-н токтотуу эки түрдө болот: тормоздоочу реактивдүү күч аркылуу (Айга кондурууда); ап­парат атм-рага киргенде пайда болуучу аэроди­намикалык күчтүн жардамы м-н (Жерге конду­рууда). К. а. атм-рада түшүп келе жатканда аэро­динамикалык ысуу болот. Ошондуктан ысык­ка чыдамдуу, жылуулукту начар өткөрүүчү ма­териалдар (керамикалык негиздеги орг. мате­риалдар ж. б.) м-н капталат. О. эле Жерге жа­кындаганда кыймыл ылдамдыгын азайтуу үчүн парашют системасы колдонулат. К. а-нын борт жабдуу комплексине: энергия булагы, жылуу­лук жөнгө салгыч, радиобайланыш ж-а радио­телеметрия, кыймылды багыттоо ж-а башка­руу, тиричилик камсыздоо, кондуруучу ж. б. системалар кирет. Биринчи К. а. 1957-ж. 4-ок­тябрда учурулган. К. а-нын аракет кылуу узак­тыгы 5–7 ж. ж-а байланыш аралыгы жүздөгөн млн км. 2000-жылдан тартып долбоорлонуп, «Союз» сериясындагы космос кемелерин «Кли­пер» К. а-ына алмаштырууга арналган. 2011-ж. экипажы жок учуруу ж-а 2012-ж. бир нече ки­шиден турган К. а-н учуруу пландалууда.