КОСМОС АППАРАТЫ
КО́СМОС АППАРАТЫ – космос мейкиндигине учуп чыгуучу же мейкиндикте учуп жүрүүчү жабдуулардын (ракета алып жүргүч, космос ракетасы ж-а кемеси, автоматтык ж-а экипаждуу станциялар – Жер орбиталык ж-а планета аралык жасалма жандоочтор ж. б.) жалпы аталышы. К. а. жерге жакын, орбиталык ж-а планета аралык; автоматтык ж-а учкуч башкаруучу

болуп бөлүнөт. Атайын ил.-из. аппаратура м-н жабдылган К. а. ар кандай багытта изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн космоско чыгарылат. «Спутник» деп аталган алгачкы К. а. 1957-ж. 4-октябрда Советтер Союзунда учурулган. Кийин К. а. Жер орбитасына, Айга, планеталарга учурулган. 1957-ж. ноябрда «Спутник-2» К. а-нда Лайка аттуу ит учурулган. 1961-ж. 12-апрелде Ю. Гагарин «Восток» космос кемесинде учкан.
К. а-нын негизги өзгөчөлүктөрү – космоско учканда узак убакыт бою иштеши ж-а ошону м-н бортундагы (борт аппараты) белгилүү жылуулук режиминин негизинде энергия алып, Жер м-н радиобайланышын камсыз кылат. Экипажы бар К. а-нда космонавттардын жашоо тиричилигине, иштешине шарт түзүлгөн. К. а-нын учуусу эки бөлүктөн турат: берилген багыт б-ча белгилүү ылдамдыкка жеткирүүчү бөлүк, чыгаруу бөлүгү ж-а орбиталык бөлүк. К. а-на 8 км/секга жакын ылдамдык берүү үчүн көп баскычтуу ракеталар пайдаланылат. Жердин жасалма жандоочусунун ылдамдыгы биринчи космос ылдамдыгына барабар же ашыгыраак; планета аралык К. а. экинчи космос ылдамдыгына ээ болот; ал эми үчүнчү космос ылдамдыгына ээ болсо – Күн системасынан чыгып кетет. К. а-н Жерге ж. б. асман телолоруна кондурууда космостук ылдамдыкты нөлгө чейин төмөндөтүү – космоско учуу проблемаларынын эң татаалы. К. а-н токтотуу эки түрдө болот: тормоздоочу реактивдүү күч аркылуу (Айга кондурууда); аппарат атм-рага киргенде пайда болуучу аэродинамикалык күчтүн жардамы м-н (Жерге кондурууда). К. а. атм-рада түшүп келе жатканда аэродинамикалык ысуу болот. Ошондуктан ысыкка чыдамдуу, жылуулукту начар өткөрүүчү материалдар (керамикалык негиздеги орг. материалдар ж. б.) м-н капталат. О. эле Жерге жакындаганда кыймыл ылдамдыгын азайтуу үчүн парашют системасы колдонулат. К. а-нын борт жабдуу комплексине: энергия булагы, жылуулук жөнгө салгыч, радиобайланыш ж-а радиотелеметрия, кыймылды багыттоо ж-а башкаруу, тиричилик камсыздоо, кондуруучу ж. б. системалар кирет. Биринчи К. а. 1957-ж. 4-октябрда учурулган. К. а-нын аракет кылуу узактыгы 5–7 ж. ж-а байланыш аралыгы жүздөгөн млн км. 2000-жылдан тартып долбоорлонуп, «Союз» сериясындагы космос кемелерин «Клипер» К. а-ына алмаштырууга арналган. 2011-ж. экипажы жок учуруу ж-а 2012-ж. бир нече кишиден турган К. а-н учуруу пландалууда.