КОРУМДУ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМДУ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Талды-Суу айыл округуна караштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 15 км түн.-чы­гыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 210 км. Калкы 1772 (2007); негизинен мал м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.