КОРУМДУ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРУМДУ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Талды-Суу айыл округуна караштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 15 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 210 км. Калкы 1772 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.