КОРОВИН
КОРО́ВИН Константин Алексеевич [23.11(5. 12). 1861, Москва – 11. 9. 1939, Париж] – орус живописчиси. Москвадагы живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (МЖИЗО) (1875–1886) окуган. 1882-жылы Петербург сүрөт академиясын бүтүргөн. 1901–1918-жылдары МЖИЗОдо сабак берген. Москва менчик опера театрында, Чоң театрда жана башка театрларда, көркөм, кызыктуу жасалгаларды жараткан. 1923-жылдан чет өлкөдө «Гранд-Опера» (Париж), «Ковент Гарден» (Лондон) жана башка театрларда иштеген. Ал – орус живописиндеги пленэрдин көрүнүктүү чеберлеринин бири. Пейзаждык, портреттик жана жанрдык сүрөттөрдүн автору катары да таанымал («Түндүк

идиллия», 1886; «Балкон жанында», 1888–1889; «Кышында», 1894; баары Третьяков галереясы; Ф. И. Шаляпиндин портрети, 1911, Орус музейи, Санкт-Петербург жана башкалар).
Ад.: Гусарова А. П. К. Коровин. Путь художника. Художник и время. М., 1990; Круглов В. Ф. Коровин: (Альбом). М., 1997.