КОРЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ ТИЛИ – корейлердин тили. Корей ж. а-на, КЭР, Япония, АКШ, Россияга тараган. К. т. обочолонмо тилдердин бири. Анын пайда болушу ж-дө түрдүү божомолдор бар. К. т-н оку­муштуулар тунгус-манжур тил тобуна кирерин далилдешкен. К. т. 6 диалектиге бөлүнөт: түн.- чыгыш [Түн.-Чыгыш Кытайдагы корей говорун кошкондо], түн.-батыш, борб., түш.-чыгыш, түш.-батыш ж-а Чежудо аралынын диалекти.
К. т. – агглютинациялама тил. 19-к-дын аягы­на чейин жазма адабий тили ханмун болгон. Корей адабий тили борб. диалектидеги сеул го­ворунун негизинде калыптанган.